Биз менен байланышыңыз

Өзбекстан: Аттракцион кыйрап, бир адам каза болду

Дүйнө , Кыска кабар | 29 Июн 2019 | 566 | 1

Өзбекстандагы Жизак облусундагы парктардын биринде иштеп жаткан аттракцион кыйрап, бир кыз каза болду.

Кырсык 28-июнь күнү түшкү саат 12лер чамасында катталган.

Жергиликтүү маалыматтарга ылайык, «Учуучу табак» деп аталган аттракцион айланып жаткан жеринен сынып түшкөн. Андан кулаган 20 жаштагы кыз алган жаракаттан улам каза болгон. Башка жабырлануучулар тууралуу маалымат жок.

Өзбекстандын Башкы прокуратурасынын билдирүүсүнө караганда, аттракциондун эл отурган бөлүгү 7 метр бийиктиктен кулап түшкөн. Анда жалпы 8 адам болгон. Аттракцион март айында оңдоп-түзөөдөн өткөнү айтылууда.

Учурда облустук прокуратура текшерүу иштерин жүргүзүүдө.

 

Copyright © 2017 Maral FM