Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көл: Тоң районунда музыкалык фестиваль өтөт

Кыска кабар | 28 Июн 2019 | 450 | 0

Бүгүн, 28-июнда Тоң районундагы Бел-Там боз үйлөр шаарчасында эл аралык «Kөl-Fest» музыкалык фестивалы башталат. Бул тууралу Тоң айыл аймагынын башчысы Болот Мамбетов билдирди.

28-июндан 30-июнга чейин мерчемделген үч күндүк иш-чарага Америка, Европа, Борбордук Азия континенттеринин 11 мамлекетинен өнөрпоздор чакырылган. Андан сырткары, жергиликтүү өнөрпоздор да катышып, жандуу музыкалык шоу, йога менен машыгуу, бий жана башка иш-чаралар камтылат.

«Жергебизге уюштуруп жаткан эл аралык музыкалык фестивалдын ачылышы кечки саат 16:00гө мерчемделди. Көрүүчүлөр үчүн алдын ала 400дөн ашык билет сатылган. Ошондой эле, жергиликтүү элге да эшик ачык. Чогулган каражат сахнаны жасалгалоо, конокторго сый көргөзүү сыяктуу иштерге жумшалат», — деди Мамбетов.

Белгилей кетсек, «Kөl-Fest» музыкалык фестивалы «Тоң Дестинациясы» уюмунун жана жергиликтүү өнөрпоздордун демилгеси менен Ысык-Көлдөгү туризмди өнүктүрүү максатында быйыл алгачкы жолу уюштурулуп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM