Биз менен байланышыңыз

Жусуп Абдырахманов тууралуу даректүү тасманын бет ачары өттү

Билим-маданият | 27 Июн 2019 | 667 | 0

Кыргыз мамлекетинин түптөөчүсү, көрүнүктүү саясий ишмер Жусуп Абдырахманов тууралуу даректүү тасманын бет ачары 26-июнда тар чөйрөгө көрсөтүлдү. Бул иш-чарага Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов катышып сөз сүйлөдү. Ошондой эле, интеллегенция өкүлдөрү, саясатчылар,   Жусуп Абдрахмановдун туугандары, жердештери жана журналисттер катышты. Фильмдин режиссёру – Эрнест Абдыжапаров, ал эми сценарийин журналист Бакыт  Орунбеков жазган.

Бул даректүү тасма азыркы коомчулукка үлгү боло алат. Мындай пикирин министр Азамат Жаманкулов билдирди. Ошондой эле, аталган тасманын жаратуучулары мамлекеттик ишмер тууралуу даректүү тасма тартуу менен азыркы коомчулуктун талабына төп келген иш аткарганын белгиледи. Ал өз сөзүндө фильмди коомчулукка жайылтууга салым кошорун айтып, буларга токтолду:

— Менин оюмча, Жусуп Абдырахманов тууралуу абдан жакшы фильм болуптур. Абдырахманов тууралуу айтылганы менен көп фактыларды деталдуу билбейбиз. Ал эми көрөрмандар тасмадан буга чейин белгисиз маалыматтарды алды деп ойлойм.

Башаламан кырдаалга кептелген азыркы кыргыз коомчулугу жана саясатчылары үчүн улуттук лидердин үлгүсүн Жусуп Абдырахманов бере алат. Мындай пикирин журналист Бакыт Орунбеков билдирип, анын өмүр баянын, саясий ишмердүүлүгүн изилдеп сценарий жазууга бир жылга жакын убакыт кеткенин айтты.

— Негизги айтылчу ойду таап, ошого жараша документ, тексттер кетти.  Аты айтып тургандай, даректүү тасмада алымча-кошумча көркөм боёктор жок. Сценарий каармандын өзүнүн жазган баяндамаларына, китептерине, күндөлүктөрүнө жана замандаштарынын, тарыхчы-изилдөөчүлөрдүн ал тууралуу айткан, жазган пикирине таянып жазылды.

«Жусуп Абдырахманов тууралуу тасма тартуу учурунда тарыхчыларды да таң калтырган жаңы маалыматтарды таптык», — дейт аталган фильмдин режиссёру Эрнест Абдыжапаров. Буга чейин Шабдан баатыр жана Саякбай манасчы тууралуу фильм тартуудагы тажрыйбасы дагы бир тарыхый инсан тууралуу тасма тартууга жарыяланган сынактан утуп чыгууга түрткү болгонун белгилейт. Ал билдиргендей, даректүү тасманы жаратууга толук бир жыл кеткен.

— Эң кыйыны архивдик материалдын жоктугу болду. Бизде бар болгону менен анын баары пайдаланылган, окшош кадрлар. Ошондуктан, архивдерди кыдырып материал чогултуу үчүн Москвага, Алматыга, Ташкентке чейин барганга туура келди. Андан сырткары, чөбөрөсү Астемир Абдырахмановдун жеке архивинен материалдарды алдык. Бул тасма көпчүлүккө жаңылык болот.

«Тарыхчы катары Жусуп Абдырахмановдун мамлекеттик жана саясий ишмердүүлүгү жеткиликтүү деңгээлде изилденбей келе жатканын буга чейин ойлонуп жүрчүмүн», — дейт аталган тасманын демөөрчүсү, мамлекеттик жана коомдук ишмер Аскар Салымбеков. Бул даректүү тасма учурда ашыкча саясатташып кеткен коомчулук үчүн тарбиялык мааниси зор экенин айтып, чыгармачылык топтун эмгеги купулуна толгонун белгиледи. Ошондой эле, өзүнүн фондунан аталган тасманы тартууга 2,5 миллион сом бөлгөнүн билдирди.

— Бул кишинин мамлекетти түзүүдөгү эмгеги зор. Ошондуктан, ойлонуп жүрчүмүн. Бир күнү журналист Бакыт Орунбеков келип калды, сценарий жаздым деп. Сүйүнүү менен кабыл алып, сапаттуу кино тарталы деп, режиссёрлордун арасында сынак жарыяладык. Тогуз режиссёр катышып, Эрнест Абдыжапаровду Көркөм Кеңеш жеңүүчү деп тапты. Ал бир жылдын ичинде тартып жетишти. Аталган убакыт ичинде Оренбург, Петербург, Москва, Алматыга чейин барып материал чогултту.

Айта кетсек, мамлекеттик жана саясий ишмер Жусуп Абдырахманов тууралуу даректүү тасма 29-августтан тартып өлкөбүздүн бардык кинотеатрларында көрсөтүлө баштайт.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM