Биз менен байланышыңыз

Украинанын Жогоку Радасына 5 партия өтө алат

Дүйнө , Кыска кабар | 27 Июн 2019 | 497 | 0

Украинанын Жогорку Радасына 5 партия өтөт. Мындай жыйынтык «Украина» каналынын «Сегодня» сайты жана «Edison Research» эл аралык компаниясы жүргүзгөн сурамжылоодон улам келип чыкты.

«Сегодня» сайтындагы маалыматка таянсак, сурамжылоого катышкандардын көпчүлүгү Владимир Зеленскийдин «Слуга Народа» партиясына добуш берерин билдиришкен. Мындан тышкары Юрий Бойконун «Оппозиционная платформа — За жизнь» партиясы 2-орунду, Петр Порошенконун «Европейская солидарность» партиясы 3-орунду, Святослав Вакарчуканын «Голос» партиясы 4-орунду жана Юлия Тимошенконун «Батькивщина» партиясы 5-орунду алган.

Жогорку Раданы кезексиз шайлоого украиналыктардын жарымынан көбү сөзсүз катышарын билдиришкен. Тактап айтканда, шайлоочулардын 56 %ы сөзсүз катышарын билдирсе, 9%ы такыр катышпай турганын айтышкан.

Ошондой эле, сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча калктын 79,7 %ы Владимир Зеленский туура багытта баратат деп эсептейт.

Copyright © 2017 Maral FM