Биз менен байланышыңыз

«Орусиядагы мигранттар КРга инвестиция салууга даяр, бирок тоскоолдук көп»

Кыска кабар , Пикирлер | 25 Июн 2019 | 819 | 0

Ишкер, мигрант Кубанычбек Осмонбеков «Маралда» өтүп жаткан тегерек үстөлдө Орусиянын Кыргызстанга акча которууга койгон чектөөсү инвестиция тартууга тоскоолдук жаратып жатканын билдирди.

«Ишкер мекендештер Кыргызстанга айрым тармактар боюнча инвесторлорду таптык. Бирок каражат которууга келгенде ишкананын эсеби жабылып калууда. Мындайда биз кантип инвестиция тартабыз? Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттиги мигранттарга бизнес долбоорлорду сунуштаса, Орусиядагы мекендештер инвестиция салууга даяр. Алсак, тажик өкмөтү мигранттардын ишин илгерилетүүгө салым кошот. Кыргызстан да миграцияда жүргөн ишкерлерге платформа түзүп берсе, көп каражат келмек. Бирок өлкөдө жумуш алып баруу боюнча система жок. Экинчиден, бюрократия, үчүнчүдөн, текшерүүлөр көп», — дейт Осмонбеков.

Анын айтымында, Орусиянын Кыргызстанга акча которууга койгон чектөөсү капиталдын Кыргызстанга келишине тоскоолдук жаратууда. Мындан улам ишкерлер башка жолдорду издөөдө.

Белгилей кетсек, «Маралда» «Мигрант көйгөйүн мигрант айтат» деген темада тегерек үстөл өтүп жатат.

Эске сала кетсек, өлкөнүн ички дүң өнүмүнүн көлөмүнүн үчтөн бир бөлүгүн мигранттардан которулган каражат түзөт.

Copyright © 2017 Maral FM