Биз менен байланышыңыз

2026-жылдагы Кышкы Олимпиада оюндары Италияда өтөт

Кыска кабар , Спорт | 25 Июн 2019 | 789 | 0

2026-жылдагы Кышкы Олимпиада оюндары Италияда өтөт. Мындай чечим Эл аралык Олимпиада комитетинин кечээ Лозанна шаарында өткөн 134-сессиясында кабыл алынды.

XXV кышкы Олимпиада жана Паралимпиаданын борбору катары Италиянын Милан жана Кортина-д’Ампеццо шаарлары тандалган.

Олимпиада оюндарын өткөрүүгө Италия менен кошо Швеция мамлекети талапкер болгон.

Италия буга чейин үч ирет Олимпиада оюндарын өткөргөн. 1956-жылы Кортина-д’Ампеццо шаарында (кышкы), Рим шаарында 1960-жылы (жайкы) жана Турин шаарында 2006-жылы кышкы олимпиада оюндарын өткөргөн.

Ал эми XXIV кышкы Олимпиада оюндары 2018-жылы Кореянын Пхенчхан шаарында өткөн. 2022-жылы болсо дүйнөлүк ири мелдешти Кытай өлкөсү Пекин шаарында кабыл алат.

Copyright © 2017 Maral FM