Биз менен байланышыңыз

Мирзахмедов: 6 айда 47 адам сууга чөктү

Кыска кабар , Пикирлер | 25 Июн 2019 | 541 | 0

6 айда 47 адам сууга чөктү. Анын 17си жаш бала. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, сууга чөгүү фактылары Чүй, Жалал-Абад облусунда жана Бишкек шаарында көп катталууда.

«Эс алуу сезону ачыла электе эле сууга чөккөндөр көбөйдү. Алардын арасында балык уулап жүрүп сууга чөккөндөр бар. Ошондой эле өлтүрүлүп сууга ыргытылган жарандарды да чөгүп каза болгондордун катарына кошобуз. Каналдардын айланасын тосуу боюнча жергиликтүү бийлик менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз», — дейт Мирзахмедов.

Ал белгилегендей, сезон ачылганда сууга чөккөндөрдүн саны салыштырмалуу азыраак болот. Анткени, пансионаттар, эс алуу жайлары жарандардын коопсуздугун камсыздайт. Бул багытта 60ка жакын суучул окуудан өтүп, сертификат алышты.

Белгилей кетсек, былтыркы жылдын ушул мезгилинде 35 адам сууга чөгүп кеткен. Анын жетөө жаш бала болгон.

Copyright © 2017 Maral FM