Биз менен байланышыңыз

Атамбаевдердин банктагы байлыгы текшерилет

Саясат | 24 Июн 2019 | 720 | 0

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жана анын жакындарынын банктык эсептерин текшерүүгө уруксат берилди. Мындай чечимди 19-июнда Биринчи май райондук соту чыгарганын, ага ылайык, Атамбаевдердин 26 банктагы эсептери текшериле турган болгонун Тазабек басылмасы жазып чыкты.

Андагы маалыматка таяна турган болсок, Алмазбек Атамбаевдин, анын жубайы Раиса Атамбаева баштаган 22 адамдын эсеби текшериле турган болду. Анда аты аталгандардын 2009-жылдан берки депозиттик эсептери жана банк кутучалары боюнча документтерди алууга макулдук берилди.

Басылманын маалыматында сот мындай чечим менен Аскердик прокуратуранын тергөө тобунун өтүнүчүн канааттандырган.

Бирок Башкы прокуратура бул тууралуу кийинчерээк маалымат берерин органдын маалымат кызматынын өкүлү Жаркынай Азиева айтты.

-Жогорку Кеңеш Алмазбек Атамбаевдин экс-президенттик макамын алуу боюнча токтомду бизге жөнөткөн. Учурда ал каралып жатат. Ал эми банктык эсептер боюнча кийин толук маалымат берилет.

Биринчи май райондук сотунун чечиминен кийин КСДП партиясы билдирүү таратты. Анда чечимдеги одоно каталар да саналган. Ага токтоло турган болсок, мультимиллионер экс-президенттин эч кандай депозиттик эсеби, банктык кутучасы да жок экен. Андай кутуну үй-бүлөдөн да эч ким колдонбостугу, жубайы Раиса Атамбаеванын эсеби камакка алынганы жазылган. Билдирүүдө текшериле турган адамдардын тизмеси да одоно катачылык менен түзүлгөнүн, анда Раиса Атамбаеванын маркум агасы да кошулуп калганын да белгилешкен.

Партиянын юристи Нурбек Касымбеков экс-президенттин кол тийбестиги алына электигин эске салып, ошол себептүү анын банктык эсептери тууралуу текшерүүнүн жүрүшүн мыйзамсыз деп баалады.

-Экс-президенттин кол тийбестиги анын жашаган үйүнө, кызматтык имаратына, унаасына, мүлкүнө документтерине, архивдерине жайылтылат (коргойт) деп жазылган. Банктагы эсептер, депозиттер да мүлккө кирет. Кол тийбестик азырынча күчүндө болгону үчүн ал корголушу керек. Бул жерде мыйзам бузулуп жатат.

Андан тышкары бул өтүнүчтү Аскердик прокуратуранын тергөө тобу келтиргени да туура эмес болгон деп баалады. Анткени Алмазбек Атамбаев учурда күч органдарында иштебей жана жашы аскердик курактан өткөнүн да белгиледи.

Ал эми КРнын эмгек сиңирген юристи Мукар Чолпонбаев бул жерде эч кандай мыйзам бузуу болгон жок деп эсептейт. Анткени Жогорку Кеңеш Атамбаевдин кол тийбестигин алуу жана айыбын аныктоо боюнча Башкы прокуратурага токтом жөнөттү. Учурдагы соттун чечими жана органдын текшерүүсү тергөөгө чейинки даярдыктар экенин белгиледи.

-Жогорку Кеңеш Алмазбек Атамбаевге иш козгоого мүмкүн деп чечим чыгарып берет. Кылмыш иши козголгондон кийин тергөө органдары баарын текшерүүгө милдеттүү болот. Атамбаевде кылмыштын курамы бар болсо, ага билдирме бериши керек. Анын алдында атайын чечим чыгаруу үчүн Жогорку Кеңешке кайрылып, уруксатын алуу керек. Бул аракеттер ошого даярдык болуп жатат. Мында мыйзамсыз аракеттер бар деп айтууга болбойт.

Андан тышкары партиянын берген маалыматын четке кагып, актануу аракети катары баалады.

Саясатчы Ишенбай Кадырбековдун белгилешинче, Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин токтомунун негизинде айрым маалыматтарды тактоо боюнча сотко кайрылган болушу мүмкүн. Азыр көп нерсе ачык болбогону себептүү так айтуу кыйын болуп турганын айтат. Кол тийбестиги алынган соң тергөө жүргүзүүдө Алмазбек Атамбаевдин депутаттар койгон 6 айыптан да көп мыйзам бузуулар чыгарын болжоду.

-Жогорку Кеңеш токтом жөнөткөндөн кийин айрым маалыматтарды тактоо үчүн териштирип жатышса керек. Азырынча так айтуу кыйын. Мыйзам боюнча кетип, кол тийбестик алынгандан кийин Атамбаевдин мүлкү да текшерилиши керек. Депутаттар көтөргөн 6 маселеден сырткары да мыйзам бузуулары аныкталышы толук мүмкүн.

Кошумчалай кетсек. 20-июнда Жогорку Кеңеш Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигин алуу боюнча токтом кабыл алып, Башкы прокуратурага жөнөткөн. Эми аталган орган өз пикири менен кошо кайра парламентке сунуштайт. Жогорку Кеңештин 80 депутаты колдоо көрсөтсө гана Атамбаев экс-президенттик макамынан ажырап, ага иш козгоого жол ачылат.

Copyright © 2017 Maral FM