Биз менен байланышыңыз

Масалиев: Бишкекке жакын айылдардан президент шайлабаш керек

Кыска кабар , Пикирлер | 24 Июн 2019 | 3450 | 1

Өлкөдө көрүнүктүү реформалар байкалбайт. Болгону бир-бирден кадрлар алмашууда. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев «Маралга» берген маегинде билдирди.

«Президент Сооронбай Жээнбеков өзүн алдабасын. Эртең кызматтан кеткенде учурда мактап жаткан адамдар ышкырып, тепкилеши мүмкүн», — дейт Масалиев.

Ал президенттин аткаруу бийлигинин саясатына аралашууга укугу жок экенин эске салды.

Ошондой эле, Бишкекке жакын жайгашкан айылдардан президент шайлабоо зарыл экенин белгиледи.

«Анткени бир нерсе болсо эле өлкө башчы айылдаштарын алып келет. Эгерде азыркы президенттин да айылы жакын болсо башкача сүйлөмөк», — дейт эл өкүлү.

 

1 пикир

1 пикир

  1. Абсамат

    25.06.2019 09:13

    Масалиев ага окшогондор тымызын ониактан еле болсун деген никтте айтып жатат да? Всеровно булар онолбойт..

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM