Өткөн жылдын декабрь айында Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү улуттук кеңешинин алдындагы Өнөр жайын жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитет түзүү жөнүндө жарлыкка президент кол койгон. Комитетке мамлекет башчы өзү төрагалык кылат. Бүгүн аталган комитеттин алгачкы жыйыны өтүп, анда өнөр жайдын азыркы абалы, анын ичинде кайра иштетүү жана жеңил өнөр жай тармагынын көйгөйлүү маселелери талкууланды. Биз бул теманын айланасында «Күн чекит» программасында Кыргызстандагы ишкерлердин эл аралык кеңешинин жетекчиси Аскар Сыдыков менен маек курдук.
Марал: Өнөр жайын жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитеттин алгачкы жыйынында конкреттүү кайсы маселелер айтылды?
Аскар Сыдыков: Мисалы, Айыл чарба продукциясын кайра иштетүү боюнча азыркы абал тууралуу маалымат берилип, бир катар сунуштамалар айтылды. Ошону менен катар жеңил өнөр жайы – тигүү жана текстиль тармагын өнүктүрүү маселеси көтөрүлдү. Өндүрүштүн бардык тармактары боюнча кыска жана узак мөөнөттө ишке аша турган сунуштар айтылды.
Марал: Өнөр жайынын дээрлик жарымын алтын казуу ээлейт. Бирок президент алтынга көз карандуулуктан арылуу керектигин айтты. Буга альтернативдүү кайсы багыттарды атайт элеңиз?
Аскар Сыдыков: Эң биринчиден, башка өлкөлөрдөй эле инновациялык жаңы технологияларга негизделген тармактар кирсин деп жатабыз. Алардын ичинде жогорку технологиялар менен иштеген ошол эле тигүү тармагы, айыл чарба үрөндөрүн кайра иштетүү тармагы. Эң негизгиси жаңы технологияны киргизсек, атаандаштыкка болгон жөндөмдүүлүк жогорулап, экспорттоого көбүрөөк мүмкүнчүлүк болот.
Марал: Ошол эле учурда президент Сооронбай Жээнбеков өнөр жайынын учурдагы абалы аябай көйгөйлүү экендигин айтты, сиздин оюңузда өнөр жайы боюнча саясатты өзгөртүү керекпи, кандай сунуштарыңыз бар?
Аскар Сыдыков: Өнөр жай боюнча саясатты өзгөртүү — Өнөр жайын жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитет түзүүнүн негизги максаттарынын бири болчу. Бийлик бутактары, бизнес коомчулугу баарыбыз биригип, сунуштарды биргеликте иштеп чыксак, ошондо майнап чыгат деген ойдомун.
Мен бүгүн комитеттин жыйынында ишкердик жүргүзүүнүн коопсуздугу боюнча сунуштарымды айттым. Биз ишкерлерди эң биринчиден мүлк коопсуздугу менен камсыздашыбыз керек. Анткени жеке менчиктин корголушу маанилүү, ар бир ишкер эртең мүлкү сакталып калабы-калбайбы ошону ойлойт.
Экинчиден, тийиштүү каржы булактарын, экспорттоо рыногун, мыйзамдын үстөмдүүлүгүн түзүп берсек, ошондо базалык түрдө жагымдуу шарттар болмок.
Андан тышкары, өнөр жай тармагына кесипкөй адистерди тартуу, аларды окутуп даярдоо да курч маселе. Бул үчүн билим берүү системасына өзгөртүү киргизип, замандын талабына жараша окутуу керек. Мындай сунушту бүгүн өлкө башчы да айтты.