Биз менен байланышыңыз

Масалиев: Бийлик уттуруп жатат

Кыска кабар , Пикирлер | 24 Июн 2019 | 464 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев «Маралга» берген маегинде экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары активдүү болуп, бул жагынан бийлик уттуруп жатканын билдирди.

Анын баамында, Атамбаев 3-4 жолу элден кечирим сураган соң, өзгөчө аялдар арасында “боорум ооруп жатат, байкушту эмнеге кыйнап жатасыңар” деген пикирлер пайда болуп жатат.

Эл өкүлү буга кошумча, Атамбаев бийликте турганда мыйзам бузуулар болсо, ага УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин да салымы болушу ыктымал экенин айтты.

«Сегизбиев Текебаевди камап жатканда айткан калпы үчүн жооп бериши керек. Депуттар бул маселени ай сайын көтөрүүдө. Бирок ишке ашпай жатат», — дейт Масалиев.

Copyright © 2017 Maral FM