Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-Индия кол өнөрчү, уз-чеберлеринин көргөзмөсү жыйынтыкталат

Кыска кабар | 24 Июн 2019 | 434 | 0

Бүгүн Бишкекте Токтоболот Абдумомунов атындагы кыргыз драма театрында Индиянын текстиль продукцияларынын көргөзмөсү жыйынтыкталат.

Көргөзмө Шанхай кызматташтык уюмунун Саммитинин алкагында өттү.

Иш чара Кыргызстан менен Индиянын ортосунда, маданий жана экномикалык алакаларды активдештирүү, кол өнөрчүлүк жана текстиль тармагындагы кызматташтыкты бекемдөө идеясын камтыйт. Мындан сырткары ШКУга мүчө мамлекеттер менен алаканы чыңдоого багытталган.

Коюлган буюмдар нукура табигый сырье колдонулуп, колдо жасалганы менен көргөзмөнүн башкы өзгөчөлүгү катары саналат.

Анда эки мамлекеттин 200 дөн ашык экспонанттары: салттуу кездемелери жана кол өнөрчүлүк буюмдары бар.

Көргөзмө Индия менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан уюштурулду.

Иш чаранын өтүшүнө мындын сырткары CASCARC-kg, Борбордук Азиядагы Кол өнөрчүлүктү колдоо бирикмесинин Ресурстук Борбору көмөк көрсөткөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM