Биз менен байланышыңыз

Нарында «Кыргыз шырдагы» фестивалы өтөт

Кыска кабар | 23 Июн 2019 | 509 | 0

Нарын шаарында «Кыргыз шырдагы» эл аралык фестивалы өтөт. Бул тууралуу Өкмөттүн Нарын облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын маалымат катчысы Майрамбек Өмүрбаев «Маралга» билдирди.

28-июнга жана 29-июнга мерчемделген 2 күндүк фестиваль кыргыз шырдагын, боз үйүн, дегеле жүн буюмдарын таанытуу, жайылтуу, кол өнөрчүлөрдүн эмгектерин экспорттоо максатында уюштурулган. Ага жергиликтүү кол өнөрчүлөрдөн сырткары, чет өлкөдөн да атайын коноктор чакырылган. Уюштуруучулар: Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты жана Мамлекеттик соода-өнөр жай палатасы.

Фестиваль шаардагы Муратбек Рыскулов атындагы Нарын облустук музыкалык-академиялык драма театрында өтөт. Иш-чаранын алкагында кол өнөрчүлөрдүн ишин калыстар тобу карап чыгып, мыкты эмгектерге «Мыкты шырдак», «Мурас шырдак» сыяктуу бир катар номинациялар жана акчалай сыйлыктар ыйгарылат. Байге фонду — 300 миң сом.

Белгилей кетсек, «Кыргыз шырдагы» эл аралык фестивалы быйыл тогузунчу ирет уюштурулуп жатат.

 

Copyright © 2017 Maral FM