Биз менен байланышыңыз

Марат Канулкулов Юстиция министринин орун басарлыгына дайындалды

Кыска кабар | 21 Июн 2019 | 451 | 0

Марат Канулкулов Юстиция министринин орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Жаңы дайындалган орун басарды Юстиция министрлигинин жамаатына Өкмөттүк Аппараттын укуктук экспертиза бөлүмүнүн башчысы Данияр Эркимбаев тааныштырды.

Белгилей кетсек, Марат Канулкулов 1975-жылы Фрунзе (Бишкек) шаарында туулган. 1996-жылы Тышкы иштер министрлигинин Бишкек жогорку мектебин аяктаган. Кесиби — юрист. 2002-жылы жактоочулук ишмердигин жүргүзүүгө укук алган.

Copyright © 2017 Maral FM