Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда балдар акыйкатчысы иштеп баштайт

Коом | 21 Июн 2019 | 1002 | 0

Кыргызстанда эми балдар акыйкатчысы иштеп баштайт. Ал үчүн атайын бюджеттен каражат бөлүнүп же атайын кызматкерлер алынбайт. Акыйкатчынын орун басары гана балдар акыйкатчысы болуп дайындалып, кошумча макам берилет. Кызматтын түзүлүшүнө акыркы кездеги балдарга болгон зордук-зомбулуктун көрсөткүчү себеп болгон. Ошондуктан, өзгөчө көңүл буруу максатында уюшулган кызмат иштеринин маани-маңызын балдар акыйкатчысы Гүлнара Жамгырчиева айтып берди.

— Акыркы кезде балдардын зомбулукка кабылганы көп катталууда. Ошондуктан, бул жагдайга көңүл буруп, мурда биз караган тармакка эле атайын макам берилди. Буга чейин деле ошол маселелер менен алектенип келгенбиз. Бул кызмат үчүн атайын каражат каралган эмес. Мурдагы эле аткарылган ишке эми көбүрөөк көңүл бурулат.

Адистер акыркы кезде мигранттардын балдары зордук-зомбулукка көбүрөөк кабылып жатканын айтышат. Мындан улам, буга чейин Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине жер-жерлерде мигранттардын балдарын каттоо иш-чаралары тапшырылган. Министр Улукбек Кочкоров ошол каттоо учурунда коомчулукка ачык айтылбаган балдардын сексуалдык-физикалык зомбулукка кабылган учурларын аныкташканын маалымдады. Бирок штаттын жетишсиздиги азыркы тапта да курч экенин белгилеп, «Эгерде балдар акыйкатчысы менен бирге иш алып барыла турган болсо, жакшы жыйынтык болмок», — деп эсептейт. Анткени, бул маселени бирөөгө жүктөп, андан сурап туруу көйгөйдү чечүүгө чоң кадам болмок.

— Балдардын укугун коргоо боюнча маселе жок деп айта албайбыз. Азыркы учурда курч болуп турат. Эми балдардын акыйкатчысы ишке кирип баштаса, бул маселеге дагы да көбүрөөк көңүл бурулуп, көйгөйдү ортого коюуга чоң жардам болот деп ойлойм.

Маалыматка ылайык, балдар акыйкатчысы бир гана балдарга ыкчам жардам берүү менен гана алек болбой, балдар үйлөрүндөгү мугалимдерге, социалдык коргоо башкармалыктарынын кызматкерлерине, өспүрүмдөр менен иш алып баруучу инспекторлорго да колдоо көрсөтөт. Деген менен «Ак жүрөк» кризистик борборунун жетекчиси Дарика Асылбекова бул кызматтын түзүлүшү менен жагдай өзгөрөрүнө ишене бербейт. «Анткени, буга чейин ушундай оор кырдаалдарда соттук отурумдарга катышып, сөз сүйлөө үчүн чакырылганда Акыйкатчы институтунан жооп болгон эмес», — дейт.

— Биздин тажрыйбада акыйкатчынын пайдасы тийгенин көрө элекпиз. Мындан кийин да тиет деп ойлойбойм. Анткени, маселени чечүүдө алар алсыз экен. Кандайдыр бир курч маселе болуп, ошол балдардын соту же башка көйгөйү болуп калганда чакырсак, «бара албайбыз» дешчү. Эми балдардын акыйкатчысы болсо эле чече калат деп ойлойбойм.

Белгилей кетсек, балдар акыйкатчысы балдардын укугуна байланышкан бардык суроолорду 115 номуру аркылуу күнү-түнү кабыл алат. Өткөн жылы балдардын укугуна байланышкан 37 кайрылуу болуп, анын 21инде укук бузуу болгону аныкталган.

Copyright © 2017 Maral FM