Биз менен байланышыңыз

Өнөр жай жана ишкердикти өнүктүрүү комитетинин I жыйыны 24-июнда өтөт

Кыска кабар | 21 Июн 2019 | 395 | 0

Өнөр жай жана ишкердикти өнүктүрүү комитетинин биринчи жыйыны 24-июнда өтөт. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн башчысы Данияр Иманалиев билдирди.

Маалыматка ылайык, Туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук Кеңеш ишмердиги өлкөдөгү өнөр жайды жана ишкердикти өнүктүрүү маселелерин чечүү багытында иштей турган комитетти түзүү тууралуу чечим кабыл алган. Комитет мамлекеттин жана бизнес коомчулугунун ортосундагы талкуу аянтчасы болуп калат.

Иш-чаранын негизги максаты: ишкердик үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, инвестициялык чөйрөнү жакшыртуу, өнөр жайды өнүктүрүү маселелери боюнча кызыкдар тараптардын өз ара активдүү аракеттенүүсүн камсыздоо.

Ал белгилегендей, Комитеттин биринчи жыйынында өнөр жайдын азыркы абалы, анын ичинде кайра иштетүү жана жеңил өнөр жай тармагы, көйгөйлүү маселелерин жана өнүгүүсүн кароо пландаштырылууда.

 

Copyright © 2017 Maral FM