Биз менен байланышыңыз

Президент: Бизнес менен мамлекеттин ортосунда чыныгы диалог түзүлбөй жатат

Кыска кабар | 24 Июн 2019 | 604 | 0

Бүгүн президент Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы астында Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңешинин алдындагы Өнөр жай жана ишкердикти өнүктүрүү комитетинин биринчи жыйыны өтүп жатат.

Жыйында сөз сүйлөгөн өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков бизнес мамлекеттин жөн гана өнөктөшү болбостон, экономика чөйрөсүндөгү саясатка катышып, ага таасирин тийгизе алышы керектигин баса белгиледи.

Президент бизнес өлкөнүн өнүгүү процессинин тең укуктуу катышуучусу болушу керектигин айтты.

«Өнөр жайды өнүктүрбөй туруп өлкөнү өнүктүрүү мүмкүн эмес. Өнөр жайды узак мөөнөттө өнүктүрүү көз карашын түзүп, аны ишке ашыруу жолдорун белгилүүгө боло турган аянтча түзүшүбүз зарыл. Бул маселелерди чечиш үчүн бизнес жана мамлекеттин ортосунда диалог аянтчасын түздүк», — деди ал.

Президент комитеттин алды турган маселелерди да белгилеп өттү.

Алардын катарында, мамлекет менен бирдикте Кыргызстандын өнүгүү келечегин аныктаган ишкерлердин реалдуу катмарын түзүү сунушу айтылды.

Мындан сырткары маанилүү чечим кабыл алуу процессине тең укуктуу деңгээлде катышкан, өнүгүүнүн субъектиси болгон өнөр жайчылардын статусун калыптандыруу. Ишкерлер мамлекеттин жөн гана өнөктөшү болбостон, экономика чөйрөсүндөгү саясатка катышып, ага таасирин тийгизишин камсыз кылуу милдети бар экени белгиленди.

Ошондой эле, өнөр жай тармагына керектүү заманбап адистерди даярдоо жолдорун иштеп чыгуу, мамлекеттик сатып алуулар жана соода саясатын өзгөртүүгө багытталган сунуштарды киргизүү сунуштары өлкө башчысы тарабынан айтылды.

Иш-чарага мамлекеттик органдардын жетекчилери жана өлкөнүн ишкердик коомчулугунун өкүлдөрү катышууда.

Copyright © 2017 Maral FM