Биз менен байланышыңыз

Атамбаев: Президент кезимдеги ар бир чечимиме жооп бере алам

Кыска кабар | 21 Июн 2019 | 1013 | 0

Экс-президент Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңеш тарабынан өзүнө карата айтылган айыптоолорго байланыштуу билдирүү таратты. Бул тууралуу КСДП партиясынын төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаева билдирди.

Анда Атамбаев депутаттардын чечиминде укуктук негиз жок экенин, ойдон чыгарылган имиштерге гана таянганын айткан.

«Мен Кудай алдында жана элимдин алдында акмын! Мыйзам жана абийирим алдында тазамын! Бул жылдардын ичинде аткарган иштеримдин баарын эл үчүн жасаганга аракет кылдым жана анын баары элге калат! Мен эч качан жоопкерчиликтен корккон эмесмин жана Кыргыз Республикасынын Президенти кызматындагы ар бир чечимим үчүн жооп берүүгө даярмын. Чындык жана мыйзам мен тарапта! Мага намыс – өмүрдөн кымбат!», — дейт экс-президент билдирүүсүндө.

Андан тышкары, мыйзам алдында ак экенин, жооп берүүгө даяр экенин айткан.

Copyright © 2017 Maral FM