Биз менен байланышыңыз

Убактылуу айдоочулук күбөлүк акысыз берилет

Кыска кабар | 20 Июн 2019 | 573 | 0

Убактылуу айдоочулук күбөлүк Кыргызстандын аймагында гана жарактуу, башка өлкөлөр аны тааныбайт. Мындан улам документ акысыз берилүүдө. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу «Унаа» мамлекеттик мекемесинин жетекчисинин орун басары Үсөйүн Касымалиев «Маралга» билдирди.

Анын айтымында, жаңы айдоочулук күбөлүктөрдүн техникалык түзүлүштөрү иштелип чыккан. Мамлекеттик сатып алуулар мыйзамынын негизинде тендер жаряланып, азыркы күндө процесстер жүрүп жатат.

Маалыматка ылайык, өкмөттүн 10-июндагы буйругунун негизинде жарандарга убактылуу айдоочулук күбөлүктөр берилип жатат. Ал 2019-жылдын 1-октябрына чейин жарактуу болот. Ал эми жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктүн мөөнөтү 10 жыл.

«Эгерде жаран 12 евро төлөйм, КРдин сыртына да чыгып иштейм», — десе, кадимки айдоочулук күбөлүк үчүн бланкалар жетиштүү. Жеке компания чыгарган бланкалардын калдыктары жетиштүү көлөмдө. Көп жарандар үчүн 12 евро кымбат», — дейт Касымалиев.

Ал белгилегендей, убактылуу айдоочулук күбөлүктөр автоматташтырылган системадан «QR-код» менен чыгат. Аны смартфондун жардамы аркылуу жасалма же жасалма эместигин текшерип алса болот.

Эске салсак, Мамлекеттик каттоо кызматы жаңы муундагы айдоочулук күбөлүктөрүн киргизүү ниетинде. Эски бланкалар аяктап бара жатат. Анын ордуна убактылуу күбөлүктү пайдаланышууда.

Copyright © 2017 Maral FM