Биз менен байланышыңыз

Индияда 4,6 млн адам суусуз калды

Дүйнө , Кыска кабар | 20 Июн 2019 | 575 | 0

Индияда аптаптын айынан Ченнай шаарындагы суунун негизги булагы болгон Чембарамбаккам көлү кургап калды. Бул тууралуу CNN басылмасы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган шаарда жашаган 4,6 млн тургун суусуз калган.

Ошондой эле, башка шаарлардагы көлдөр да кургап бараткандыгына байланыштуу өлкөдө суунун жетишсиздиги мындан да күч алары күтүлүп жатканы маалымдалды.

Учурда жергиликтүү бийлик калктын муктаждыгын чечүү максатында автоунаалар менен суу ташып келип жатышат. А бирок, суу алуу үчүн кезекке турган адамдардын сабы бир нече чакырымга узарып, андан улам күтүү бир нече саатка созулуп кетип жатканы маалыматтарда айтылат.

Copyright © 2017 Maral FM