2019-жылдын 1-кварталында Кыргызстанга тартылган чет элдик түз инвестициянын көлөмү өткөн жылдан 48,9 %га өскөн. Мындай кабар Улуттук статистика комитетинин сайтына жарыяланды.
Анда 2019-жылдын алгачкы төрт айында сырттан кирген түз инвестициянын жалпы суммасы 176.7 млн. АКШ долларына жеткен. Ошондой эле, мамлекеттен сыртка чыккан инвестиция 31.3 %га кыскарып, бул көрүнүш позитивдүү экенин билдирет.