Биз менен байланышыңыз

Бүгүн депутаттар Атамбаев боюнча комиссиянын корутундусун карайт

Кыска кабар | 20 Июн 2019 | 512 | 0

Бүгүн, 20-июнда Жогорку Кеңештин жалпы жыйында экс-президент Алмазбек Атамбаевди макамынан ажыратуу маселеси каралат. Анда түзүлгөн атайын комиссиянын кабыл алган корутундусу эл өкүлдөрүнө сунушталат. Бул тууралуу маалымат парламенттин күн тартибине киргизилген.

Эске сала кетсек, 13-июнда экс-президент Алмазбек Атамбаевди макамынан ажыратуу жана күнөө коюу боюнча депутаттык комиссия түзүлгөн. Аталган комиссиянын ишинин жыйынтыгында демилгечи топ тарабынан көтөрүлгөн 9 пункттан турган айыптоолор каралып, алардын 6 пунктунда мыйзам бузуулар бар деген тыянак чыгарылды.

Copyright © 2017 Maral FM