Биз менен байланышыңыз

Ырынан чыры көп «Кыргыз темир жолу»

Коом | 19 Июн 2019 | 574 | 0

Темир жол стратегиялык мааниге ээ жана эң кирешелүү тармактардын бири болуп эсептелет. Бирок бул макам «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясына дал келбегендей. Мамлекетке олчойгон карызы көйгөйдүн башы эле болсо, кирешесине караганда чыгашасы көбөйүп, мекеменин кызматкерлери мыйзам бузгандыгы боюнча бир топ маселелер айтылып келет. Алсак, 17-июнда УКМКнын коомчулук менен байланыш кызматы темир жол вагондорун сатып алуудагы сынакта мыйзам бузуу фактылары аныкталгандыгын билдирди.

УКМКнын расмий өкүлү Рахат Сулаймановдун маалыматына ылайык, сөз кылып жаткан мекеме тарабынан мамлекеттик бюджетке 69 млн сомдон ашуун зыян келтирилген.

— «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясынын айрым кызматкерлери тарабынан жалпысынан 432 миллион сомго 150 даана универсалдуу темир жол вагондорун сатып алуудагы сынакта мыйзам талаптары бузулгандыгы аныкталды. Такталгандай, мамлекеттик сатып алуу тартиптерин аталган мекеменин айрым кызматкерлери бузуп, бюджеттик каржаттарды үнөмсүз колдонгон. Аталган келишимди түзүүдөн мамлекеттик бюджетке 69 миллион сомдон ашуун зыян келтирилген. Азыркы убакта УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы тарабынан тиешелүү тергөө иштери жүрүп жатат.

Өткөрүлгөн сынактын чоо-жайын билүү максатында «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясына байланыштык. Бирок мекеменин маалымат катчысы Эркин Каимов комментарий бере албасын гана билдирди.

— Азыр бул боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат. Бир нерсе деп комментарий бере албайбыз. Маалыматтардын баарын териштирүү органдарынан алсаңар болот.

Тендердин кандай өткөнүн, кайсыл жерде мыйзамсыз аракеттер болгондугун «Жемкорлука каршы» коомдук бирикмесинин жетекчиси Манас Кадыров баяндап берди. Анын билдиришинче, сатылып алынган вагондордун сапаты начар, баасы кымбат болгон.

— Булар башында бир үлгүнү көрсөткөн да, кийин такыр башка үлгүдөгү вагондорду сатып алышкан. Анысы аз келгенсип, сынакка катышкан төрт компаниянын үчөөсүн «банк кепилдигине жарабайт», — деп сынактан чыгарып салышкан. Жыйынтыгында бир эле компания калган. Мындай учурда сынак өтпөшү керек эле. Булар анткендин ордуна, ошол жалгыз компанияга берип коюшкан. Болгондо да, сынакка жарыяланган вагондор Орусияда 31 миң доллар болсо, сатылып алынган вагондор 42477 доллар болуп жатат. Сапаты сынакта жарыяланганга караганда кыйла начар. Баасы да көрсөтүлгөндөн кымбат.

Мындан сырткары, Манас Кадыров каржы полициясына кайрылганда, 116 миллион сом жөнүндө маселе көтөрүлгөндүгүн белгилеп, бүгүнкү күндө 69 миллион деп эле айтылып жатканына таң калганын кошумчалады.

«Кыргыз темир жолу» ишканасында мыйзам бузуу фактылары болуп жаткандыгын, буга чейин мекеменин кызматкери Алия Асанбаева да көтөргөн. Ал бир нече каттамдар боюнча билети жок жүргүнчүлөр ташылганы тууралуу айтып чыккан. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы бул факт иликтенип жатканын кабарлаган.

Алия Асанбаева менен байланышканыбызда, көтөргөн маселеси боюнча тиешелүү жыйынтык чыга электигин төмөнкүчө айтып берди:

— Бир иш сотко кетти, Жыргалбекова Эркинай боюнча. Ал эми экинчи «поезддин начальниги билети жок жүргүнчүлөрдү ташыганы» тууралуу айыбы көрсөтүлгөн жок. Тескерисинче, Жыргалбекова Эркинайга колдоо көрсөтүлүп, 200 миң сом берип, пенсияга жөнөтүлгөндүгү айтылып жүрөт. Мага болсо, мурункудай эле куугунтук болуп жатат.

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов кылдат текшерүү жүргүзүлсө, 69 миллиондук зыян чоң, тамырлашкан мыйзамсыз иштердин учу эле экендигин айтат. Анын белгилешинче, ишин туура алып барса, «Кыргыз темир жолу» эң көп киреше алып келүүчү ишкана болууга мүмкүнчүлүгү зор.

— Текшерип келсе, 69 миллиондон он эсе көп зыян келтирилген болушу толук ыктымал. Негизи «Кыргыз теми жолу» — чоң киреше алып келе турган ишкана. Акыркы учурда бул жерде тендер өткөрүүдөгү мыйзам бузуу сыяктуу көп иштер жүрүп келет. Ал жерде сынак өткөргөн атайын фирма бар. Алар дайыма утуп, ири суммадагы акчаларды айландырат. Бул схема тамырлашкан. Биз бул жөнүндө көп айтып келгенбиз.

Белгилей кетсек, «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясы тарабынан жарым вагондорду сатып алууда Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунан кредиттик эсепке түшкөн акча каражаттары колдонулган.

Учурда УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы тарабынан тиешелүү ыкчам тергөө иштери жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM