Биз менен байланышыңыз

Москва: Метродогу мушташта орто азиялык жаран каза болду

Дүйнө , Кыска кабар | 19 Июн 2019 | 569 | 0

Москванын чыгышында жайгашкан «Электрозаводская» метро станциясынын жанында болгон массалык мушташта бир адам каза болуп, дагы үчөө жаракат алган. Бул тууралуу ТАСС агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн эртең менен метронун алдында Орто Азиядан барган жарандардын ортосунда мушташ чыккан. Алардын мас абалында болгону айтылууда. Мушташ учурунда бирөө бычак колдонгон. Натыйжада бир киши каза таап, 3 жаран жарадар болгон.

Моква шаардык Ички иштер бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары азырынча ушул эле маалыматтар бар экенин жана тактоо иштери жүрүп жатканын кошумчалаган.

Copyright © 2017 Maral FM