Биз менен байланышыңыз

«КСДПдагы депутаттардын 90%ы кийинки шайлоого башка партия менен барат»

Кыска кабар , Пикирлер | 19 Июн 2019 | 1973 | 0

КСДП фракциясындагы эл өкүлдөрдүн 90 %ы алдыдагы парламенттик шайлоого КСДП менен барбайт. Мындай пикирин Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Назарали Арипов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Ал учурда КСДП менен «Республика-Ата Журт» лидерсиз калганын эске салды.

«Фракциялар канчалык майдаланса, өкмөттүн жоопкерчилиги ошончолук азаят. VI чакырылышта 6 фракциянын төртөө 9 %дык босого упай менен өткөн. Демек, босого упай 9 % бойдон калышын каалайм», — дейт Арипов.

Ал белгилегендей, учурда саясий ыкма менен камалгандар көп. Бирок ар бир жаран шайланууга жана шайлоого укуктуу. Мындан улам сот актаган соң, саясий негизде камалгандардын шайланууга болгон укугун чектебөө зарыл.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM