Кыргызстанда жашаган жакыр үй-бүлөлөргө 100 миң сомдон бир жолку жардам берүү долбоору иштелип чыгып, коомдук талкууга коюлду. Долбоор 2019-жылдын 1-августунан 2022-жылдын соңуна чейин иштейт. Анын алкагында 100 миң сомго чейин бир жолку социалдык жардамдан тышкары, жакыр үй-бүлөлөр үчүн жумуш орун түзүүнү каалаган ишкерлерге кайтарымсыз акча бөлүнөт. Убактылуу жобону ишке ашырууга жыл сайын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин бюджетинен 300 млн сом каралат.
Алтынай Тентиева 39 жашта. Аны күйөөсү төрөбөйсүң деп таштап кеткен. Учурда апасы менен Бишкекте батирде жашап, күн кечирип келет. Көп жолу операция жасалгандыктан, эл катары жумушта иштеп, каражат табууга мүмкүнчүлүгү жок. Каарманым мамлекеттин жакыр үй-бүлөлөргө болгон мамилеси суз экенин айтып, нааразы болду.
— Мен ден соолугумдун начардыгынан улам көп жолу операция болгом. Төрөй албайм. Туугандарым деле жок. Апам экөөбүз эле күн кечирип келебиз. Мен деле эл катары акча таап, үй-жай алгым келет. Бирок эч ким жумушка албайт. Ушул убакытка чейин мамлекеттен бир да жардам алган эмесмин. Президенттин биз менен иши деле болбойт. Болгону карапайым калктан гана жардам алып келебиз. Ошону да кээде көрө алышпай, кодулаган учурлары болот.
Бирок учурда Кыргызстанда жашаган жакыр үй-бүлөлөргө 100 миң сомдон бир жолку жардам берүү долбоору иштелип чыгып, коомдук талкууга коюлду. Долбоор 2019-жылдын 1-августунан 2022-жылдын соңуна чейин иштейт. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров билдирди. Анын айтымында, бул долбоор өкмөттүн койгон планына ылайык, өлкөдөгү жакырчылыкты жоюу максатында иштелип чыккан. А бирок бардык эле жакыр жашаган үй-бүлөлөргө каражат бөлүнө бербесин эскертет. «Алар атайын долбоор сунушташы керек», — деп, буларга токтолду:
— Сунушталган документке ылайык, министрлик тарабынан жакыр жашагандарга 100 миң сомго чейин бир жолку социалдык жардам берилет. Ал акчага үй-бүлө жеке чарбасындагы ишин жөнгө салып, же чакан бизнес ачышы керек. Же болбосо үйдөгүлөрдүн бирин окутуп, ишке орношуусуна керектеши зарыл. Бул каражат берилерден мурда аз камсыз үй-бүлө Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин социалдык келишимине кол коёт. Андан соң каражатты белгилүү бир милдеттенмелердин негизинде керектей алат
«Кайрымдуу бол» коомдук фондунун жетекчиси Азамат Байматовдун пикиринде, мамлекет жакыр үй-бүлөлөрдү көз жаздымда калтырып жатат. «Жөлөк пулду берип жатканда текшерүүлөр жүргүзүлөт, ошонун негизинде кыйналган үй-бүлөнүн акчасын кесип койгон жагдайлар көп», — дейт.
— Мамлекет жакыр жашаган үй-бүлөлөргө жардам деле бербей калды. Элестетсеңиз, жадагалса аларга деп бөлүнгөн жөлөк пулду кыскартып коюп жатышат. Кантип дебейсизби? Атайын текшерүүгө барышат, барганда үйдө турган муздаткыч же ушул сыяктуу жылтыр-жултур оокатты көрсө эле, «Силер жетиштүү эле жашайт турбайсыңарбы», — деп акчаны чектеп коет. Бул туура эмес кадам да. Алар тамак-аштарын каякка сакташы керек? Балким аны дагы бир кайрымдуу адам алып бергендир да. Оокат, тамак болуп бермек беле? Андан көрө, жөлөк пулдун суммасын көбөйтүшүбүз керек. Колдон келишинче жардам көрсөтүп, мамлекеттин жакырчылыгын жоюшубуз керек.
Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шер-Нияз иштелип чыккан долбоорду колдоп, жакыр жашаган адамдарды мамлекет өгөй баласындай кодулабай, курчоосуна алышы керектигин билдирди. Ошондой эле, «Бардык иш-аракеттер көзөмөлдөнүп, коррупцияга жол берилбеши керек», — дейт.
— Мен бул долбоорду колдойм. Бирок ошол эле учурда, «Жакыр үй-бүлөлөргө кандай негизде каражат таратылат? Бардыгы дыкат каралабы?» — деген суроолор пайда болот. Себеби, социалдык фонд жылыга коррупцияга малынып жатат деген маалыматтар тарап, а түгүл текшерүүлөр деле жүрүп жатат. Анан кантип бул багытка ишеним болсун?.. Жакыр үй-бүлөлөргө таратылып бериш керек, бирок эл, органдар бардыгынан кабардар болушу шарт.
Белгилей кетсек, 2017-жылы Кыргызстанда жөлөк пулду 20072 үй-бүлө алса, 2018-жылы төрт миң үй-бүлөгө көбөйгөн. Ал эми 2018-жылдын маалыматына ылайык, 17 миң үй-бүлө начар жашагандардын катарына кирген.
3 пикир