Биз менен байланышыңыз

Орозбек Опумбаев УКМКнын төрагасы болуп дайындалды

Кыска кабар | 18 Июн 2019 | 634 | 0

Орозбек Опумбаев Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Ага ылайык, Опумбаев УКМКнын төрагасынын орун басарлык кызматынан бошотулган.

Эске салсак, мурдагы төрагасы Идрис Кадыркулов 15-майда отставкага кеткен. Анын мындай чечим кабыл алышына биометрикалык паспорттордун бланктары үчүн өткөн тендерге байланыштуу чыр коомдо талкууга алынганы себеп болгон.

 

Copyright © 2017 Maral FM