Биз менен байланышыңыз

Азия өнүктүрүү банкы бөлгөн 43,6 млн доллар кайда сарпталат?

Кыска кабар | 18 Июн 2019 | 487 | 0

Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Климаттын өзгөрүүсүнө жана табигый кырсыктарга суу ресурстарынын туруктуулугун күчөтүү» жөнүндөгү кредиттик жана гранттык макулдашуулар боюнча ратификациялык мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.

Келишимге ылайык, Азия өнүктүрүү банкы калктын климаттык өзгөрүүлөргө жана кырсык коркунучтарына туруктуулугун бекемдөө максатында Кыргызстанга каражат бөлөт.

Долбоордун жалпы бюджети – 43,6 млн доллар. Азия өнүктүрүү банкынын каражаты – 38,6 млн доллар. Анын ичинде гранттык каражат – 16,8 млн доллар, жеӊилдетилген насыя каражаты – 21,8 млн доллар. Өкмөт долбоорго 5 млн доллар кошот. Ал эми насыя 32 жылдык мөөнөткө 1 пайыз үстөгү менен берилүүдө.

Долбоор 3 бөлүктөн турат:

  1. Ирригациялык инфратүзүмдөрдү модернизациялоо;
  2. Ирригация тутумун жана айыл чарба жерлерин башкарууну жакшыртуу;
  3. Табигый кырсыктардын коркунучтарын улуттук деӊгээлде башкаруу боюнча мүмкүнчүлүктөрдү бекемдөө;

Андан сырткары, долбоордун консультанттары жергиликтүү адистерден тандалып алынат, анын алкагында 200 чакырым суу каналы калыбына келтирилет.

Copyright © 2017 Maral FM