Биз менен байланышыңыз

Атамбаевдин «мыйзамдагы уурунун» бошотулушуна катышы иликтенүүдө

Кыска кабар | 18 Июн 2019 | 395 | 0

Укук коргоо органдары экс-президент Алмазбек Атамбаевдин «мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна катышы бар-жоктугун иликтеп жатат. Мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атаханов «мыйзамдагы ууру» экс-президенттин жеке тапшырмасы менен бошотулганы боюнча көрсөтмө берген. Бул тууралуу Атамбаевди эк-президенттик макамынан ажыратуу боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын кезектеги жыйынынын жүрүшүндө белгилүү болду.

Эске салсак, атайын комиссиянын кечээ, 17-июнда өткөн жыйынында Атамбаев Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча чечимди өзү кабыл алганы боюнча маалымат айтылган.

УКМКнын Тергөө башкармалыгынын башчысынын орун басары Сагынбек Самидин уулу Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу коррупциялык иштерге катышы бардыгы жөнүндө факты өзүнчө өндүрүшкө бөлүнүп, бирдиктүү реестрде катталганын, кылмыш иши «коррупция» беренеси менен Башпрокуратуранын кароосуна жөнөтүлгөнүн билдирген.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеӊештин атайын комиссиясы 13-июнда «КР Президентинин ишмердүүлүгүнө кепилдиктер жөнүндө» мыйзамдын 12-беренесине, «КР ЖК Регламенти жөнүндө» мыйзамдын 33-беренесине таянуу менен түзүлгөн, анын иштөө мөөнөтү – 7 күн. Комиссия курамында депутаттар: Каныбек Иманалиев, Өмүрбек Бакиров, Евгения Строкова, Кожобек Рыспаев, Максатбек Эгембердиев, Талант Мамытов, Бактыбек Райымкулов, Жыргалбек Турускулов, Канатбек Исаев, Алмазбек Токторов, Алтынбек Жунус уулу, Бактыбек Турусбеков бар.

Copyright © 2017 Maral FM