Биз менен байланышыңыз

Кадамжай районуна жаңы аким дайындалды

Кыска кабар | 18 Июн 2019 | 1039 | 0

Алгынбай Имаров Баткен облусунун Кадамжай районунун мамлекеттик администрация башчысы – акими болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, Баткен облусунун жетекчисинин орун басары Жылдызбек Исакулов жаңы акимди эмгек жамааты менен тааныштырды.

Алгынбай Имаров экономика, айыл чарба тармагына жана жаңы жумушчу орундарды түзүүгө артыкчылык жасай турганын билдирген. Мындан сырткары, чек араларды тактоо иштерине көңүл бурарын кошумчалаган.

Copyright © 2017 Maral FM