Биз менен байланышыңыз

Кытай инвестору Ысык-Көлгө туристтик база куруу ниетин билдирди

Кыска кабар | 18 Июн 2019 | 438 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Чан Ань» көп тармактуу корпорациясынын директору Ли Ган баштаган кытай инвесторлору менен жолугушту. Бул тууралуу  Өкмөттүк Аппараттын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Жолугушууда тараптар менен кытай чайын өндүрүү, ликер-арак өндүрүмдөрүн чыгаруу, Кыргызстандын айыл чарба өндүрүмдөрүн Кытайга экспорттоо боюнча макулдашылып, транс чек аралык дүң сооданын электрондук базасын өнүктүрүү келечеги талкууланды.

Өкмөт башчы эки өлкө ортосунда жетишилген макулдашуулар ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк мамилелерди тереңдетип, өнүгүүгө күчтүү өбөлгө берерин айтты. Ошондой эле, жолугушуу инвестициялык сунуштарды жана долбоорлорду колдоого максатталганын белгиледи.

Ал эми «Чан Ань» көп тармактуу корпорациясынын директору Ли Ган Кытайдан келген өкүлчүлүк эки өлкөнүн ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүнү колдоорун маалымдап, өлкөнүн туристтик мүмкүнчүлүктөрүнө көңүл буруп жатышканына токтолду.

«Мындан тышкары, биз өлкөнүн туристтик мүмкүнчүлүктөрүнө көңүл буруп жатабыз. Кытайдан жылына 100 млн турист дүйнөнүн ар кыл өлкөлөрүнө барышат. Бул багытта Ысык-Көлдүн жээгинде туристтик база, мейманкана комплексин курууну мерчемдеп жатабыз. Бул — экономикалык эмес, маданий долбоор. Туристтик каттам мурдагы Суяб шаары жайгашкан аймак аркылуу өтөт. Бул баштоолордун баары маанилүү жана Кытай төрагасы Си Цзиньпиндин «Бир алкак – бир жол» долбоорунун көрсөтмөлөрүнө дал келет», — деди Ли Ган.

Copyright © 2017 Maral FM