Биз менен байланышыңыз

Кыргызбаев: 6 жашка чейинки балдарды дарылоо акысыз

Кыска кабар , Пикирлер | 18 Июн 2019 | 528 | 0

6 жашка чейинки балдар акысыз дарыланат. Бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Ысык-Көл облустук башкармалыгынын директору Төлөн Кыргызбаев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, 18 жашка чейинки балдар камсыздандырылган болуп саналат.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисин алган жаран мамлекеттик кепилдик программасына ылайык, амбулатордук шартта алгачкы медициналык кызматта көрсөтүлгөн жалпы анализдерди акысыз тапшырса болот. Ошондой эле дарыгерге көрүнүп, акысыз кеңеш алууга укуктуу. Мындан сырткары жеңилдетилген шартта дары-дармек ала алат.

«Биз дарынын баасынын 50%ын төлөп беребиз. Андан сырткары, бейтап стационардык шартта дарыланса кошумча төлөмдүн 50%ын төлөйт. Ошондой эле 10 жашка чейинки балдар жана 70 жаштан өткөн бейтаптар тишин дарылатууда да жеңилдиктер каралган», — дейт Кыргызбаев.

Маалыматка ылайык, мамлекеттик кепилдик программасынын негизинде онкологиялык ооруларын оор формасы менен жабыркагандар ооруну басаңдатуучу дары-дармектерди акысыз алышат. Жарандар милдеттүү медициналык камсыздандыруу тууралуу 113 кыска номуруна байланышып маалымат алса болот. Чалуу акысыз.

Кыргызбаев буга кошумча, ооруканалардын тез жардамсыз стационардык шартта дарылоого албай коюгону мыйзамсыз экенин белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM