Биз менен байланышыңыз

Арабаев: Депутаттык комиссия таза иштеши керек

Күн чекит | 17 Июн 2019 | 729 | 0

Бүгүн экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигинен ажыратуу боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия отурумга чогулуп, Атамбаевге бир топ айыптарды койду. Ошол эле учурда, «Экс-ажону кол тийбестиктен ажыратуу боюнча депутаттык комиссия түзүү туура эмес болгон», — дегендер да жок эмес. Айрымдар: «Кол тийбестиктен ажыратуу боюнча кабыл алынган мыйзам долбоору бир гана мурунку ажо Алмазбек Атамбаевге багытталып калды», — дешүүдө.

Депутаттык комиссия эми кандай иштеши керек? Бул суроону юридика илимдеринин доктору, профессор Чолпонкул Арабаевге суроо узаттык.

Марал: — Мыйзамдык жагынан алганда Алмазбек Атамбаевди экс-президенттигинен ажыратуу боюнча депутаттык комиссия түзүү канчалык туура?

Чолпонкул Арабаев: — Парламент учурдагы мыйзамдардын негизинде комиссия түзүп, мурунку президенттин ишмердигинде канча иш мыйзамдуу жасалганын, канчасы мыйзамсыз болгонун иликтеп жатат. Атамбаевдин ишине баа берүү коомчулукта да талап кылынууда. Негизи парламент мындай комиссия түзүүгө толук укуктуу. Бирок ал комиссиянын курамына кимдер киргендиги башка маселе. Ошондуктан, корутундусун жалпы отурумга алып чыгып карап, андан кийин укук коргоо органдарына өткөрүп берет. Акыркы чечимди сот чыгарат.

Марал: — Комиссиянын курамында ар бир фракциядан депутаттар кирген, сиз маселе ошол комиссиянын курамында деп жатасыз, муну менен эмнени айткыңыз келди?

Чолпонкул Арабаев: — Депутаттык комиссиянын курамында акыйкат үчүн, чындык үчүн күйгөндөрү да, убагында Атамбаевге таарынып калгандары да бар. Анткени, мамлекеттик кызматта турганда баарына жагуу мүмкүн эмес. Депутаттык комиссиянын курамынын өздөрүнүн деңгээли кандай болот, маселе ушунда. Балким алар иш алып барууда кынтыксыз иштебей, же ашыгыраак кине коюп, же толугу менен далилденбеген маселе айып катары коюлса, эл ынабай калат.

Марал: — Комиссия кандай иш алып барышы керек жана ал канчалык ачык-айкын болот? Айтайын дегеним, кол тийбестиктен ажыратуу кадамы бир гана Атамбаевге багытталып жатат деген жүйөлөр да бар…

Чолпонкул Арабаев: — Жогорку Кеңеште түзүлгөн депутаттык комиссиянын ыйгарым укуктары кенен. Алар керектүү учурда сырттан көз карандысыз талдоочуларды тарта алышат. Ошол эле учурда, каалаган тиешелүү мамлекеттик органдан маалыматтарды ала алат. Ошондуктан, булар канчалык чындыкты далилдеген жыйынтык чыгарса, жалпы элдин көксөөсү канмак. Андай чечим чыгаруу үчүн мүмкүн болушунча ачык-айкын иш алып барышы керек.

Марал: — Бул кийинки президентке сабак болушу керекпи?

Чолпонкул Арабаев: Биз эгемендүүлүк алгандан берки тарыхыбызды карасак, улам кеткенин жамандап, алардын артын чукуп эле келе жатабыз. Кыргызда: «Бирөөгө ор казсаң тайыз каз, өзүң түшүп каласың», — деп айтылат. Ошондуктан, кол тийбестиктен ажыратуу аракети азыркы бийликке да чоң сабак болушу керек. «Артыбыздан жаштар келе жатат, аларга жакшы үлгү калтырып кетишибиз керек», — деген ой ар бир мамлекеттик кызматкердин жүрөгүндө жашашы зарыл.

Copyright © 2017 Maral FM