Биз менен байланышыңыз

Азиядагы өз ара кызматташуу жана ишеним кеңешинин 6-саммити 2022-жылы өтөт

Дүйнө , Кыска кабар | 15 Июн 2019 | 612 | 0

Азиядагы өз ара кызматташуу жана ишеним кеңешинин VI саммити 2022-жылы өтөт.

Мындай чечим Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында бүгүн жыйынтыкталган Азиядагы өз ара кызматташуу жана ишеним кеңешинин V саммитинде кабыл алынды. Ал эми уюмга мүчө өлкөлөрдүн Тышкы иштер министрлеринин VI жолугушуусу 2020-жылы өтөрү белгиленди.

Ошондой эле, саммиттин алкагында атайын декларация кабыл алынды. Анда отурумга төрагалык кылуучу Тажикстан уюмга мүчө мамлекеттер жана байкоочу өлкөлөр менен тыгыз кызматташып, Азиядагы өз ара алаканы мында да жогорку деңгээлге алып чыгууга аракет көрөрү айтылган.

Ал эми уюмга мүчө мамлекеттер менен байкоочу өлкөлөр бул багытта ар тараптуу көмөк көрсөтүү ниетин билдиришкен.

Copyright © 2017 Maral FM