Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков: Кыргызстан коркунучтарга каршы күрөшкө активдүү катышууга даяр

Кыска кабар | 15 Июн 2019 | 682 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында өтүп жаткан Азиядагы өз ара кызматташуу жана ишеним кеңешинин V саммитинде сөз сүйлөдү. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Жээнбеков өлкөлөр алдындагы тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо чакырыктары боюнча туура жолду уюмдун мүчөлөрү биргеликте чечүүгө болорун айтты.

«Бул жол тынчтыкты, туруктуулукту камсыз кылууга жана азыркы дүйнөдөгү өнүгүүгө биздин кошо  турган салымыбызды чагылдырат», — деди Сооронбай Жээнбеков.

Ал 1992-жылы Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаев Азияда өз ара аракеттешүү жана ишеним чаралары боюнча Кеңешмени түзүүнү сунуштап, саясий көрөгөчтүк кылганын белгилеп кетти.

«Дүйнө бир ордунда турбайт. Бүгүнкү күндүн чындыгы биздин өз ара аракеттешүүнү өркүндөтүү зарылдыгын талап кылууда. Бул коопсуздук саясаты чөйрөсүнө, чакырыктарга жана коркунучтарга каршы аракеттенүүгө, экономика жана туруктуу өнүгүүгө тиешелүү. Буга байланыштуу биз Казакстандын Азиядагы өз ара аракеттешүү жана ишеним чаралары боюнча Кеңешменин Саммитинин негизинде Азияда Коопсуздук жана өнүгүү боюнча Уюмду түзүү тууралуу демилгесин колдойбуз», — деп билдирди Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы эки тараптуу жана көп тараптуу деңгээлдерде комплекстүү өнүгүүнү камсыз кылуу үчүн Азия кызматташтыкты тереңдетүүгө муктаж  экенин кошумчалады.

Сооронбай Жээнбеков ошондой эле, уюмдун ролу жана аброю мындан ары да бекемделип, анын актуалдуулугу өсө берерине ишеним билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM