Биз менен байланышыңыз

«Жакырларга жардам берүү» долбоору коомдук талкууга чыкты

Кыска кабар | 15 Июн 2019 | 909 | 0

Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Жакыр жашаган жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө социалдык келишимдин негизинде бир жолку социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө» токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, долбоор жакыр үй-бүлөлөрдүн турмуштук кыйынчылыктарды жеңе билүүсүнө көмөк көрсөтүү максатында иштелип чыккан. Анда турмушу начар үй-бүлөлөргө келишимдин негизинде бир жолку социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө убактылуу жобо бекитүү каралган, ал 2019-жылдын 1-августунан 2022-жылдын 31-декабрына чейин иштейт.

Долбоордун алкагында жардам алууну каалаган жакыр үй-бүлөлөргө 100 000 сомго чейин бир жолку социалдык жардам берилет. Ошондой эле, жакыр үй-бүлөлөр үчүн жумуш орун түзүүнү каалаган ишкерлерге кайтарымсыз акча бөлүнөт.

Убактылуу жобону ишке ашырууга жыл сайын Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин бюджетинен 300 млн сом каралат.

Copyright © 2017 Maral FM