Биз менен байланышыңыз

Финансы министрлиги айыл чарбаны каржылоо үчүн 4 млрд 294 млн 700 миң сом насыя бөлгөн

Кыска кабар | 15 Июн 2019 | 461 | 0

Финансы министрлиги тарабынан 2019-жылдын 7-июнуна карата «Айыл чарбаны каржылоо-7» долбоорун ишке ашыруунун алкагында 4 млрд 294 млн 700 миң сомдук 9 306 жеңилдетилген насыя берилди. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Финансы министрлигине караштуу Бюджеттик насыяларды башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинин маалыматтарына таянып айта турган болсок, насыя төмөнкүдөй тартипте бөлүнгөн:

  1. Өсүмдүк өстүрүү тармагына — 956 млн 100 миң сомдук 2 528 жеңилдетилген насыя;
  2. Мал чарбачылыкка – 2 млрд 532 млн 400 миң сомдук 6 555 жеңилдетилген насыя;
  3. Кайра иштетүү жана айыл чарбасындагы кызмат көрсөтүүлөргө – 806,2 млн сомго 223 жеңилдетилген насыя;

Белгилей кетсек, долбоордун алкагында жеңилдетилген насыя ушул жылы 6, 8 жана 10 %дык чен менен берилген.

Copyright © 2017 Maral FM