Биз менен байланышыңыз

Тажыбай: Кытайдын инвестициясы Кыргызстандын экономикасын көтөрө алат

Күн чекит | 13 Июн 2019 | 64 | 0

ШКУ саммитинин алкагында кыргыз-кытай алакасы боюнча көптөгөн документтерге кол коюлду. Буга чейин аталган өлкө менен кандай иштер жүргөн жана бүгүнкү күндө алардын максаты эмне? Кыргыз экономикасы алдыңкы жылдары кандай нукта өнүгөт? Биз бул суроолордун тегерегинде саясат таануучу Алмаз Тажыбай менен маек курдук.

— Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпиндин бул жолку сапары мурдагы сапарларынан эмнеси менен өзгөчөлөндү?

— Кытай үчүн эң маанилүүсү Улуу Жибек Жолун түзүү болуп саналат. «Бир алкак — бир жол» темир жолун чөлкөмдөгү стратегиялык аймак болгон Борбордук Азия аркылуу өткөрүшү керек. Биз Кытай тараптан келгендерге Борбордук Азиянын кире бериш мамлекети болгондугубуздан улам, биз тараптан өткөрсө, анда биринчи этапты аткарган болот. Ошондо Кытайдын товарлары Европага жана бүт дүйнөгө темир жол жана кемелер аркылуу бат, ишенимдүү жетет. Темир жол маселеси алгач биз жактан чечилиши керек. Андан кийин гана инвестиция багытында да бир топ сүйлөшүүлөр жүрүшү зарыл. Бизден өтө турган газ жана нефть түтүктөрүнүн келишимдери бар. Ошолорду аткарганга биздин ордубуз чоң.

— Кытай менен Кыргызстандын ортосунда 14 документке кол коюлду. Сиз Кыргызстандын кайсы багытта өнүгүүсүн көрүп турасыз?

— Биздин Кытайдан үйрөнө турчу көп жагыбыз бар. Маселен, ветеринардык, айыл чарба багыттары. Мындан сыркары, биз эмне үчүн ал өлкөгө керекпиз? Себеби, транзит катары биздин аймагыбыздан өтүшөт да. Бирок биздин товарларды ал жакка алып барып сатууда көп эле кыйынчылыктар болот. Аны моюнга алыш керек. Ошон үчүн Орусия сыяктуу Кытайдан шаймандарды алып, бул жактан чогултушубуз керек. Ошондо Кыргызстандын экономикасында чоң секирик болуп, өсүш кадимкидей байкалат. Биз учурда геосаясатта турабыз. Ошол нерсени колдонуп калышыбыз керек. Глобализация деген нерсе бар, ага илинип калган мамлекеттер келечекте сөзсүз өнүгүү жолунда болушат. Андыктан, бир келген мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбай, ойлонуп чечим чыгарышыбыз керек.

— Кыргыз-кытай кызыкчылыктары жөнүндө эмнени айта аласыз?

— Ар бир мамлекетте өзүнө тиешелүү ички саясаты бар. Эгерде ал кызыкчылыктар башка мамлекет менен биргелешип калса, прогресс болот. Учурда көп багыттуу иштер сөз жүзүндө эмес, иш жүзүндө болуп эле жатпайбы. Башка өлкөлөргө караганда, Кыргызстанга эң чоң инвестор болууда. Укуктар боюнча сөз кылсам, ооба Кытайда адам укугун бузуу боюнча мыйзамдар бар. Алсак, «этникалык улуттар боюнча маселелерге кийлигишпейбиз» деген позицияны алдык. Бирок көп нерсени талап кылып, ультиматум койгонго мүмкүнчүлүгүбүз жок. Ал тургай, муну Казакстан да жасай албайт.

— Кытай Кыргызстанга 86,7 млн АКШ доллар грант берери белгилүү болду. Бул сумма биздин экономикабыз үчүн чоң жардам болуп эсептелеби?

— Учурда бизге 1 юань дагы аябай керек болуп жатат. Акыркы он жылдын ичинде аталган өлкөдөн көп эле инвестиция келген. Бирок кийинки мезгилде инвестициялардын келиши аз болуп, экономикабыз түшүп кеткен. Алдыда бул каражат которулса, өсүү болот. Болгону, ошол нерсени бийликтегилер туура колдонушу керек. Буга чейин көп эле жардамдар болгон. Башы бар, аягы жок болуп кетчү. Ошондой болбошу керек.

Copyright © 2017 Maral FM