Биз менен байланышыңыз

Индонезиядагы суу ташкыны 600 миңдей адамды үй-жайын таштоого аргасыз кылды

Дүйнө , Кыска кабар | 13 Июн 2019 | 550 | 0

Индонезиянын борбордук бөлүгүндөгү Сулавеси аймагында суу ташкыны жүрүп, 5 703 адам турак жайын таштап кетүүгө мажбур болушту. Бул тууралу Синьхуа агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, тынбай жааган ак жаандын кесепетинен Лалинду, Валасола жана Ландаве өзөндөрүндө суу ташып, жээктеги бир нече айылды каптаган.  Суу ташкыны 202 үйдү кыйратып, 4 көпүрөнү алып кеткен, ошондой эле 420 гектар жердеги балык кармоочу жайдын балыгын агызып кеткен.

Copyright © 2017 Maral FM