Биз менен байланышыңыз

Атамбаевди экс-президенттик статусунан ажыратуу боюнча депутаттык комиссия түзүлдү (тизме)

Кыска кабар | 13 Июн 2019 | 557 | 0

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди экс-президенттик статусунан ажыратуу үчүн депутаттык комиссия түзүлдү. Мындай чечим 96 депутаттын макулдугу менен кабыл алынды.

Депутаттык комиссияга КСДП фракциясынан Өмүрбек Бакиров, Евгения Строкова, Кожобек Рыспаев, Максатбек Эгембердиев, «Республика-Ата журт» фракциясынан Талант Мамытов, Бактыбек Райымкулов, Жыргалбек Турускулов, «Кыргызстан» фракциясынан Канат Исаев, Алмазбек Токторов, «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынан Алтынбек Жунус уулу, «Бир Бол» фракциясынан Бактыбек Турусбеков, «Ата Мекен» фракциясынан Каныбек Иманалиев мүчө болду.

Кошумчалай кетсек, Жогорку Кеңештин 12-июнда бир катар депутаттар экс-президент Алмазбек Атамбаев эл өкүлдөрүнүн дарегине айткан ашкере сынына баа берүү керектигин сунуш кылышкан. Атамбаевди экс-президенттик статусунан ажыратуу сунушуна 40 депутаттын кол койгону да маалымдалган.

Copyright © 2017 Maral FM