Биз менен байланышыңыз

Мамлекеттик тил комиссиясы журналисттер менен кереге кеңеш өткөрөт

Кыска кабар | 13 Июн 2019 | 1161 | 0

18-июнда Президентке караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы «Журналист – сабат үлгүсү» аттуу кереге кеңеш өткөрөт. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Иш-чара жалпы журналисттердин сабатын арттыруу, жазуу жана оозеки маданиятын өркүндөтүү, учурдагы журналистиканын тилиндеги келегей сөздөрдөн арылуу максатында уюштурулууда. Анда атайын чакырылган Өкмөттүн, Жогорку Кеңештин өкүлдөрү, ардагер журналисттер, көрүнүктүү тилчилер менен биргеликте талаш жараткан айрым сөздөр талкууга алынат, туура-туура эмеси такталат.

Иш-чара аталган күнү Коомдук телерадио берүү корпорациясынын концерттик студиясында саат 13:00дө башталат. Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы бардык журналисттерди активдүү катышып берүүгө чакырат.

Сурап билүү телефону: 0312 31-58-21, 0553 65-35-01, 0707 65-35-00

 

Copyright © 2017 Maral FM