Биз менен байланышыңыз

«Сабаттуу бол» өнөктүгү сабатсыздар көп экенин аныктады

Кыска кабар | 23 мая 2019 | 1291 | 0

КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия ушул жылдын 15-майында өткөргөн «Сабаттуу бол» өнөктүгүнүн расмий жыйынтыгын жарыялады.

Алынган маалыматтарга ылайык, К. Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинде жана ЭлТР телеканалынан жана Кыргыз радиосунан түз эфиринде өткөн жат жазуу  өнөктүгүнө өлкөнүн ар кыл тармагынан 1100 өкүл катышкан.

Жат жазууларды текшерүүдөн кийинки жыйынтык төмөнкүдөй болгон: (1100 адамга)

«5» – 63 (5,7%);

«4» – 230( 20,9%);

«3» – 314 (28, 5%);

«2» – 463 (42%);

«1» – 26 (2,3%);

«0» (интернеттен көчүрүп алгандар) – 18 (1,6 %);

Бул Бишкек шаарынан катышкандар боюнча экенин, ал эми, жалпы республика боюнча кошумча маалымат берилерин эскертет аталган мекеменин маалымат кызматы.

Ошондой эле, жат жазуудан жакшы баа алгандарды сыйлоо аземи эртең, 24-майда А. Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасында өтөрүн билдиришти.

Copyright © 2017 Maral FM