Биз менен байланышыңыз

Мамлекеттик тил комиссиясы жат жазууну жакшы жазгандарды сыйлады

Кыска кабар | 24 мая 2019 | 2042 | 0

Бүгүн, 24-майда А.Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасында КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиясы уюштурган «Сабаттуу бол» өнөктүгүндө мыкты баа алгандарды сыйлоо аземи өткөрүлдү. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Иш-чарага Мамлекеттик тил комиссиясынын төрагасы Назаркул Ишекеев, Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков катышып, куттуктоо сөзүн сүйлөп, жеңүүчүлөргө атайын дипломдорду жана баалуу белектерди тапшырды.

Эске салсак, ушул жылдын 15-майында аталган комиссия республикалык «Сабаттуу бол» жат жазуу өнөктүгүн өткөрүп, ага өлкөнүн ар тармагынан 41783 өкүл катышкан. Өнөктүктүн жыйынтыгы mamtil.kg расмий сайтына жарыяланган.

Белгилүү болгондой, Бишкек шаарынан катышкан 1100 адамдын 5,7 %ы (63 адам) «5» алып, 42 %ы (463 адам) «2», 2,3 %ы «1» алган. 8 дарсканада өткөн жат жазуу сынагында банк кызматкерлери жана журналисттердин тобу эң көп «2» алган, тактап айтканда, 122 кызматкердин 100үнө «2» деген баа коюлган.

Ал эми аймактарда пайыздык көрсөткүч боюнча, эң көп «5» алгандар Баткен облусунда катталды, тактап айтканда, 5345 катышуучунун 42,5 %ы (2276 адам) «5ке» жазган. Ал эми жогоруда белгилүү болгондой, эң төмөнкү көрсөткүчтү Бишкек шаары алды. Катышуучулардын саны боюнча, жогорку көрсөткүч Жалал-Абад облусунда катталды, тактап айтканда, 11191 адам жат жазуу тапшырды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM