Биз менен байланышыңыз

Кыргыз тилин үйрөткөн тиркемелер иштелип чыкты

Билим-маданият | 29 Янв 2019 | 2808 | 0

Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия кичинекей балдарды кыргыз тилин окутуу боюнча мобилдик тиркеме иштеп чыкты. Ага ылайык, «Бал тил 1» тиркемеси 3-5 жаштагы балдар үчүн, «Бал тил 2» тиркемеси башталгыч класстын балдарга арналган. Тиркемелер сүрөт, анимация, аудио жана логикалык оюндардан турат. 

Быйыл Кыргызстанда 2019-жыл «Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы» деп жарыялаган. Ошонун алкагында Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте кыргыз тилин заманбап маалыматтык технология менен үйрөтүүнү колго алды. Анын негизинде атайын тиркемелер даярдалды. Бул тууралуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеев билдирди.

Анын маалыматында, тиркеме төрт долбоор менен ишке ашырылды. Алгач 3-5 жашка чейин «Бал тил-1», 6-11 жаштагы балдарга «Бал тил-2» мобилдик тиркемеси даярдалды.

-Биринчи тиркеме кыргыз тилин жеңил үйрөтүүгө багытталган. Анда сүрөт, анимация, логикалык оюндар камтылган. Анын композициялык түзүлүшү тилди жеңил жана кыска мөөнөттө үйрөтүүгө багытталган. Ал эми экинчи тиркеменин маңызы да тилди жеңил жана кыска мезгилде үйрөтөт. Кыргыз тили бала бакчада жана мектепте өз деңгээлинде үйрөтүлбөсө, көп маселелер жаралып калууда. Ушул боштукту толтуруу үчүн тиркемелер жасалды.

«Бал тил-1» жана «Бал тил-2» мобилдик колдонмо Android жана iOS платформаларына жайгаштырылган. Аны менен tiltest.kg сайты аркылуу таанышып чыгууга болот. Ошентип Google Play Market жана App Store тиркеме дүкөндөрү дагы эки жаңы маалыматтык технологиялар менен толукталып жатат. Кыргыз тилин үйрөнүүгө багытталган, тиркемелерди акысыз түрдө телефонго көчүрүп алууга болот. Бул кадамдар мамлекеттик тилди өнүктүрүү максатында жасалып жатканы белгилүү болду.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова тиркемени мугалим сабак учурунда колдонсо боло турганын билдирди.

Анын айтымында, тирмедеги маалыматтар окуу программасынын негизинде түзүлгөн.

-Окуучу кандайдыр бир сабакты мектепте түшүнбөй калса, үйүндө ошол сабакты тиркемеден ачып алып тапшырмаларды аткарса болот. Ошону менен өзүнүн билимин тест менен текшерип алат. Бул интерактивдүү режимде абдан кызыктуу суроолор менен заманбап продукция. Мисалы, Бишкек шаарындагы орус тилдүү чөйрөдө көбүрөөк жашаган балдардын мугалимдери менен сүйлөштүм. Окуучуларга кыргыз тилчи мугалим тапшырма бергенде аны аткаруу үчүн биз жасаган тиркемелерге кирет экен. Бул пайдалуу продукт экенине ынана алдык.

Ошондой эле Улуттук комиссия менен Ulut Soft IT-компаниясынын адистери биргеликте «Тилтест» веб-порталын иштеп чыгышкан. Ал «Кыргызтесттин» мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлери үчүн окуу китептеринин негизинде түзүлгөн.

Ал үчүн эки операциялык системадагы тиркемелер учурда жасалууда жана жакын арада Google Play Market жана App Store онлайн-дүкөндөрүндө акысыз негизде чыгат. Анын негизги милдеттеринин бири катары жогоруда аталган кызматкерлер үчүн мамлекеттик тил боюнча экзаменге даярдануусун жеңилдетүү болот.

Кыргыз тилин үйрөнүү программасын жакшыртуудагы төртүнчү багыт жазылган текстти үн чыгара окуй ала турган программалык аппаратты иштеп чыгуу болду. Ulut Soft компаниясынын башчысы Мирбек Окенов билдиргендей, ал жасалма интеллекттин негизинде иштеп, кыргыз тилинде жазылган текстти үн чыгара жандандырып бере алат. Аны ар бир каалоочу сынап көрсө болот жана mamtil.kg.tts сайтына кирип текшерип көрүүгө мүмкүн.

Азыркы жыйынтыктар — жасалган иштин биринчи жемиштери. Бул жылы компаниянын планында жасалма интеллект аркылуу үндү сөзгө которууну баштоо турат. Кийинки жылы кыргыз тилиндеги текстти семантикалык анализге алуу жана 2023-жылга карата бул программа аркылуу текстти синтездештирүү жасалат.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев мобилдик колдонмолор менен кыргыз тилин үйрөтүү жакшы мүмкүнчүлүк экенин билдирди. Бирок эл өкүлү тиркеме менен чектелбестен, иш жүзүндө көбүрөк кыргыз тилинде сүйлөшсө, жакшы өздөштүрө турганын кошумчалады.

-Мындай программалар да керек. Ал дагы тилди үйрөнүүгө жардамын берет. Эң биринчи тилди үйрөнөм десең, ошол тилди колдонгон кишилер менен көбүрөөк сүйлөшүш керек. Эгерде иш жүзүндө колдонбосоң, эч кандай программа үйрөнүүгө жардам бербейт. Мисалы, мен кыргыз тилин үйрөнүүнү максат кылган элем. Мен адабият китептерин окуган жокмун. Угуп, сүйлөшүп, туура эмес айтсам да уялбай баарлашып жүрөмүн. Азыр пайдасын өзүм көрүп жатамын. Учурда кыргызча ойлор пайда болуп калды. Айрым сөздөрдүн орусча котормосун таппай калып жатам.

Эске салсак, Кыргызстанда 2014-2020-жылдар ичинде мамлекеттик тилди өнүктүрүү Улуттук программасы кабыл алынган. Анда “Кыргыз тест” системасынан мамлекеттик кызматкерлер милдеттүү өтүү каралган.

Copyright © 2017 Maral FM