Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков: Латын алфавитине өтүүнүн кажети жок

Кыска кабар | 16 Сен 2019 | 1408 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 16-сентябрда Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеевди кабыл алды. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы «Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзамдын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына карата майрамдык иш-чаралар тууралуу, 2014-2020-жылдары Мамлекеттик тил саясатын өркүндөтүүнүн Улуттук программасын ишке ашыруу боюнча маалымат берди.

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн күнүмдүк турмушундагы мамлекеттик тилдин өзгөчө ордун белгилеп, тил саясаты мамлекеттик саясаттын актуалдуу жана маанилүү багыты экенин айтуу менен учурда коомчулукта талкууланып жаткан латын алфавитине өтүү маселеси боюнча пикирин билдирди.

«Биздин маданий, илимий потенциал кириллицага негизделген шартта калыптанып, ийгиликтерди жаратты. Биз ашыкча талкууга убакыт коротпой, колдогу мүмкүнчүлүктөрүбүз менен максаттарыбызды ишке ашырып, өнүгө беришибиз керек», — деди Жээнбеков.

Copyright © 2017 Maral FM