Биз менен байланышыңыз

Соттор театрда роль ойношот

Кыска кабар | 13 Июн 2019 | 533 | 0

Эртең, 14-июнда, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун жана Октябрь райондук сотунун кызматкерлери Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында спектакль ойношот. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын эл аралык кызматташуу жана коомчулук менен байланыш бөлүмү билдирди.

Театралдаштырган иш-чара дүйнөлүк залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовду эскерүүгө арналат.

Эске салсак, былтыр Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине карата уюштурулган соттор арасындагы сынакта жогоруда атап өткөн соттук мекемелер алдыңкы орундарга ээ болгон. Мындан улам, алардын ойногон спектаклин, жараткан ролун жалпы элге да тартуулоо идеясы келип чыккан.

Белгилей кетсек, эртең Биринчи Май райондук сотунун кызматкерлери жазуучунун «Саманчынын жолу» повестинин негизинде, ал эми Октябрь райондук сотунун кызматкерлери «Гүлсарат» повестинин негизинде спектакль тартуулашат.

Иш-чара саат 13:00дө башталат. Кирүү акысыз.

Copyright © 2017 Maral FM