Биз менен байланышыңыз

Израиль: Премьер-министрдин жубайы кымбат тамактарды жегени үчүн 14 миң евро айып төлөйт

Дүйнө , Кыска кабар | 13 Июн 2019 | 505 | 0

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун жубайы Сара Нетаньяху кымбат тамактарга буйрутма берип келгени үчүн 14 миң евро айып төлөйт. Бул тууралуу «New York Post» басылмасы жазды.

Мындай чечим кечээ 12-июнда Израиль Башкы прокуратурасы менен Нетаньяхунун катышуусунда кабыл алынган. Чечим Жогорку сот кол койгондон кийин күчүнө кирет. Ага 16-июнда кол коюлары айтылууда.

Айыптоого ылайык, Нетаньяху өкмөттүн кызматынан билип туруп ашыкча пайдаланган. Сара буйрутма берген тамактын баасы 3 жыл ичинде 43 миң еврону түзгөн. Анын акчасы өкмөттүк эсептен төлөнгөн. Ошондой эле, премьер-министрдин үй-бүлөсүн жеке ашпозчу тейлеп, ага айлык акы мамлекеттин бюджетинен бөлүнүп турган.

Премьер-министрдин жубайы Нетаньяху бул айыптоолор орунсуз экендигин айтып келет.

Байкоочу кызматкерлер 2015-жылы да премьер-министрдин үй-бүлөсү ашыкча чыгаша кылышканын билдиришкен.

Copyright © 2017 Maral FM