Биз менен байланышыңыз

«Парламенттин коркок болуп жатканында талаш жок»

Кыска кабар , Пикирлер | 13 Июн 2019 | 614 | 0

Жогорку Кеңешти таркатууга караганда парламенттик шайлоо мыйзам чегинде, өз убагында болгону жакшы. Мындай пикирин эл өкүлү Алтынбек Сулайманов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, парламент да ыйгарым укуктарын толук пайдалана албай жатат.

«Парламенттин коркок болуп жатканында талаш жок. Анткени, мезгил ушундай болуп жатат. Элдин баары баатыр боло албайт. Депутаттар жеке кызыкчылыгы үчүн, бизнесин коргоо үчүн коркот. Анткени, күч органдары туура эмес пайдаланылып жатат. Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин убагында куугунтуктар көп болгон. Ошол кездеги жалтактык бүгүн да уланып жатат. Атамбаев ката кетиргенин, аны оңдоо үчүн бийликти революция менен кетирерин айтып жатса, аны колдоп чыгып баатыр болуу керекпи? Ал эми ага каршы сүйлөгөндөр «сатып кетти» деп бааланып калууда», — дейт Сулайманов.

Copyright © 2017 Maral FM