Биз менен байланышыңыз

Бөрүбашев: Атамбаевдин күнөөлөрүн далилдөө парламентке оор болот

Кыска кабар , Пикирлер | 13 Июн 2019 | 705 | 0

Жогорку Кеңеш үчүн экс-президент Алмазбек Атамбаевдин күнөөлөрүн далилдеп берүү оор болот. Мындай пикирин юридика илимдеринин доктору, профессор Бекбосун Бөрүбашев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Атамбаевдин ишмердигин иликтөө үчүн парламентте атайын комиссиянын түзүлүшү көп убакыт алат. Эл өкүлдөрү мыйзам менен кетсе, Атамбаевдин күнөөсүн далилдеп, ага коомчулукту ишендирүүсү өтө кыйын.

«Атамбаевдин кримтөбөл Азиз Батукаевдин ишине катыштыгы бар экенин далилдөөгө болот. Анткени, күч органдары президенттин алдында турат. Ал эми экономикалык, социалдык маселелер өкмөткө карайт. Бул жерде бир гана Атамбаевдин эмес, бийликтин, ЖКнын абийири төгүлөт, тазалануу жүрөт. Башмыйзамда ички кооопсуздукту аныктоочу орган көрсөтүлгөн эмес. Иликтөөнүн артында бийликтин системасынын жаман экенин көрөбүз. Андыктан, күрөш катуу болот», — дейт Бөрүбашев.

Анын баамында, Атамбаевди экс-президент статусунан ажыратуу маселеси бышып жетилсе, ЖК кезексиз жыйынга чогулат.  Кылмыш иштер Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратууга негиз болот.

Copyright © 2017 Maral FM