Биз менен байланышыңыз

ШКУ саммитинде Путин менен Модинин жолугушуусу күтүлөт

Кыска кабар | 13 Июн 2019 | 674 | 0

Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммитинин алкагында Орусия президенти Владимир Путин Индиянын премьер-министр Нарендра Моди менен жолугушат. Мындай маалыматты орусиялык маалымат каражаттары президенттин кеңешчиси Юрий Ушаковго таянып жазып чыгышты.

Анда Путин Моди менен болгон жолугушуусун күн тартибиндеги алгачкы иш-чара катары баалаганын айтты. Андан тышкары, президент Сооронбай Жээнбеков менен Путиндин да жолугушары жазылган.

«14-июнда 3 тараптуу жолушуу орун алат. Алардан бири — салтка айлангандай, Орусия, Кытай жана Монголиянын ортосунда болмокчу», — деп айтылат маалыматта.

Ушаковдун айтымында, ШКУ саммитинде Ооганстандагы жана Жакынкы Чыгыштагы кырдаал, аймактык жана глобалдык коопсуздук, терроризмге, наркотрафикке каршы күрөшүү тууралуу сөз болот.

Кошумчалай кетсек, 13-14-июнь күндөрү Бишкекте ШКУнун саммити өтмөкчү. Ага Орусия, Казакстан, Кытай, Тажикстан, Өзбекстан, Индия жана Пакистандын катышары күтүлүүдө. Ал эми байкоочу катары Ооганстан, Беларусия, Иран жана Монголиянын да президенттери келет.

Copyright © 2017 Maral FM